Кыдырбаев таяк тартыш боюнча VII дүйнө чемпиондугуна катышкан курама команданы кабыл алды
Бүгүн, 4-августта министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев Монголиянын Архангай аймагында өткөн таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча VII дүйнө чемпиондугуна катышкан курама команданы кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Спортчуларды кабыл алуу учурунда Кыдырбаев курама команданын жогорку жетишкендиги менен куттуктап, алардын эмгеги, күжүрмөн даярдыгы жана эл аралык аренадагы ийгиликтери үчүн ыраазычылык билдирди.
Дүйнө чемпиондугу 33 мамлекеттин спортчуларынын катышуусунда өтүп, Кыргызстан командалык эсепте экинчи орунду ээледи. Өлкөнүн атынан мелдешке 33 спортчу катышып, алардын 30у медаль менен кайтып келди.
Белгилей кетсек, таяк тартыш боюнча VII дүйнө чемпиондугу 30-июлдан 3-августка чейин Монголиянын Архангай аймагында өттү.
