super.kg logo

Эльзат Тюлегенова Орусиядагы "Ну-ка, все вместе!" сынагына катышууда (видео)

 

Кыргызстандык ырчы Эльзат Тюлегенова Орусиядагы "Ну-ка, все вместе!" сынагына катышууда. Бул тууралуу ырча өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

Сынакта ырчы Уитни Хьюстонтун "I Have Nothing" ырын аткарды. Калыстар тобунун 10 мүчөсү тең добушун берди.

Калыстар Тюлегенованы аталган сынакка катышып жаткан алгачкы кыргызстандык айым экенин баса белгилешти.

"Ну-ка, все вместе!" Орусиядагы популярдуу вокалдык сынактардын бири. Буга чейин аталган сынакка Бек Исраилов, Азат Раимбердиев жана Миңжашар Мурзаев катышкан. 2023-жылы Азат Раимбердиев экинчи орунду багындырган. Учурда аталган үч ырчы тең "Номад" триосунда мүчө, жакында бул топ "Интервидение-2025" ыр сынагында өлкө намысын коргошот.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: