super.kg logo

Жаңы Зеландияда чемодандын ичинен 2 жаштагы кыз табылып, аял кармалды

 

Жаңы Зеландияда автобуста бара жаткан аял чемоданынын ичинен 2 жаштагы кыз табылгандан кийин полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук басылмалары жазышты.

Полициянын билдирүүсүнө ылайык, окуя жүргүнчүлөрдүн бири жүк салынган бөлүмгө кирүүгө уруксат сураганда билинген. Автобустун айдоочусу чемодандын кыймылдап жатканын байкап, дароо тиешелүү кызматтарга кабар берген.

"Айдоочу чемоданды ачканда, анын ичинен 2 жаштагы кичинекей кыз чыкты",- деп жазылган маалыматта.

Кыз табылган учурда ысык аба ырайынан улам аябай тердегени байкалган. Ал оор жаракат албаганы кабарланды, бирок абдан кооптуу абалда болгон.

27 жаштагы аял "баланы кордоп, кайдыгер мамиле кылган" деген айып менен камакка алынып, жакында сот жообуна тартылат. Бирок аял менен баланын кандай байланышы бар экени азырынча айтылган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: