super.kg logo

Таласта "Арашан" минералдык суусун чыгаруучу чакан ишкана ачылууда (фото)

 

2025-жылдын үчүнчү чейрегинде Талас районунун Беш-Таш айыл аймагында "Арашан" минералдык ичүүчү таза суу өндүрүүчү чакан ишкана ишке кирет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, долбоор Талас райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жүзөгө ашырылууда. Ишкананын курулуш иштерине жалпы 13,5 миллион сом каражат бөлүнгөн, жабдууларды сатып алууга 7 миллион сом өзүнчө бөлүнгөн.

Азыркы учурда курулуш иштери толук аяктап, өндүрүш үчүн керектүү жабдууларды сатып алуу боюнча тендердик жараян жүрүүдө.

Жаңы ишкана ишке киргенде 7-10 адамга жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана сапаттуу минералдык сууну пайдаланууга шарт түзөт.

Талас райондук өнүктүрүү фонду бул долбоор аркылуу айыл чарба жана айылдык инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы иш-аракеттерин улантып, аймактагы жашоонун сапатын көтөрүү максатын көздөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: