super.kg logo

Шерзаттын таякеси каза болгон иш боюнча кылмыш иши токтотулду

 

Казакстандагы Талгар шаарындагы кайгылуу окуя боюнча ачылган кылмыш иши - Шерзат Болаттын таякеси Нурканат Гайыпбаевдин өлүмүнө байланыштуу териштирүү токтотулду. Бул тууралуу маркумдун үй-бүлөсүнүн адвокаты Меирман Шекеев Instagram баракчасына жазган.

Эске салсак, 2024-жылдын декабрында Нурканат Гайыпбаевдин сөөгү Талгар шаарынын четиндеги автоунаанын ичинен табылган. Бул трагедия анын жээни, кандуу мушташта өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзаттын өлүмүнөн бир нече ай өткөн соң болгон. Ошол окуя учурунда Нурканат өзү да бычактан жаракат алган. Алгачкы маалыматтар боюнча, ал өз өмүрүнө кол салган.

"Азыркы этапта кылмыштын белгилери аныкталган жок",- деп билдирген ошол маалда полиция.

Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Бирок 7 айдан кийин тергөө иштери токтотулганы маалым болду.

"Нурканаттын иши токтотулду. Бирок биз ишти кайра жандандыруу үчүн өтүнүч кылабыз",- деп жазды адвокат Меирман Шекеев.

Ошондой эле, ал Шерзат Болаттын өлүмү боюнча иш Алматы облустук сотунда 18-августта апелляциялык кароого чыгарыларын, айыпталгандардын тогузунан сегизи апелляциялык даттануу бергенин билдирди. Тогузунчу айыпталуучу - Ы.Д. ("кылмыш жөнүндө кабарлабоо" боюнча айыпталган) абактан бошотулган.

Шерзаттын өлүмү боюнча кимдер айыпталган?

Тергөө версиясы боюнча, башкы айыпталуучу - Абзал Шынасыл. Мамлекеттик айыптоочу билдиргендей, Шынасыл Шерзатка бычак сайып, өлүмүнө себепкер болгон.

  • Абзал Шынасыл - Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренеси (адам өлтүрүү), 24 жана 99-беренелеринин негизинде адам өлтүрүүгө аракет жасоо, ошондой эле 293-берене (бейбаштык), 3-бөлүк боюнча айыпталган.
  • Сакиев Равил - бейбаштык жана адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренелери боюнча айыпталган.
  • Белгожаев Шынгыс, Дархан Аскентай, Нуркияс Ильясов, Токтаубаев Нурбол, Токтаубаев Азамат жана Калиахмет Дидар - бейбаштык (293-берене, 3-бөлүк) беренеси боюнча айыпталган. Алар муздак курал жана башка коркунучтуу нерселер менен тобу менен чабуул жасашкан деп сыпатталган.
  • Токтаубаев Азаматка кошумча түрдө "уурулук" беренеси да коюлган.
  • Ы.Д. (жашы жете элек) - "Оор кылмыш тууралуу кабарлабоо" беренеси боюнча айыпталган.

Шерзат Болаттын өлтүрүлүшү

2024-жылдын 4-октябрынын түнүндө Талгар шаарында 16 жаштагы Шерзат Болат катуу сабалып өлтүрүлгөн. Ал ошол учурда атасына жардам берип дүкөндө иштеп жаткан.

Кийинчерээк интернетке "Камажай" дүкөнүндөгү видеолор чыгып, аларда Шерзат кардар менен кайым айтышып, андан соң бетке уруп жибергени көрүнөт. Бир нече мүнөттөн кийин он чакты жигит топтолуп, массалык мушташ болуп, бычак колдонулган.

Шерзат жана анын таякеси Нурканат Гайыпбаев бычактан жаракат алган. Шерзат ооруканага жеткирилген, бирок анын жарааты өтө оор болгондуктан, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Окуянын коомдогу чагылуусу

  • Ички иштер министри Ержан Саденов бул ишти өз көзөмөлүнө алган.
  • Шерзаттын үй-бүлөсүнө күзөт коюлган.
  • Кийинчерээк анын үйү өрттөлгөн.
  • Башкы прокуратура үйдү өрттөгөндөрдү табууга убада берген.

2024-жылдын 9-декабрында Нурканат Гайыпбаевдин сөөгү табылып, ал өз жанын кыйган деген божомолдонгон. Ал коштошуу катын калтырганы айтылган.

11-декабрда Шерзаттын атасы 15 суткага камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: