АКШда баласын жазалоо үчүн сарайда кармаган ата-энеге кылмыш иши козголду
Пенсильвания штатындагы Рейнхолдс шаарчасында жашаган Дэрил Сенсениг (41 жашта) жана Грейс Сенсениг (42 жашта) аттуу жубайлар 18 жашка толо элек баласын катаал шартта сарайда кармаган деп шектелүүдө. Полициянын маалыматына караганда, алар өз уулун төрт ай бою үйдөн алыс жайгашкан сарайда жашоого мажбурлашкан.
Полиция үй-бүлөлүк чыр боюнча билдирүү түшкөндөн кийин аталган үй-бүлөгө келген. Текшерүү учурунда, сарайда суу кирген систем жок болгону белгилүү болгон. Ошондой эле тамак-аш жана суу менен камсыз кылбай коюшканы жана кээде гана жуунууга уруксат беришкени аныкталган. Мындан тышкары, бала өзү тапкан акчага тамак сатып алууга мажбур болгон.
Учурда бала атайын кызматтардын коргоосунда, ал эми ишти социалдык кызматтар менен полиция териштирүүдө.
Дэрил жана Грейс кепилдик акы төлөп абактан бошотулган. Алдыдагы соттук отурум 13-августка белгиленди.
