super.kg logo

"Человек-паук 4": Жаңы тизери жана костьюму талкуу жаратты

 

Интернетте "Человек-паук 4" (Spider-Man 4) тасмасынын алгачкы тизери жана тартуу учурунан кадрлар тез эле кеңири тарады. Колдонуучулар мүмкүн болгон сюжетке, белгилүү каармандардын кайтып келүүсүнө божомолдорун айтып, кинонун уландысын чыдамсыздык менен күтүүдө.

Трейлер: жаңы костюм жана Том Холланд

Жакында Sony компаниясы өзүнүн Instagram баракчасына "Человек-пауктун" жаңы костюмунун тизерин жарыялады. Бул видео дароо эле күйөрмандардын көңүлүн буруп, 39 миллиондон ашык көрүү топтогон.

Видео соңунда актер Том Холланд "Биз даярбызбы?" деген кыска суроосу менен көрүүчүлөргө кайрылып, кызыгууну ого бетер күчөттү. Ошондой эле ал өзүнүн Instagram баракчасына "Жөргөмүш-адам: Жаңы күн" (Spider-Man: A Brand New Day) аттуу жаңы бөлүктөн кадр бөлүштү.

Том Холланд мурунку кинону COVID чектөөлөрүнө байланыштуу павильондордо тартууга аргасыз болушканын айтып, бул жолу тасма "классикалык" ыкма менен, реалдуу жерлерде тартыларын билдирди.

Каармандар жана күтүлгөн актерлор:

  • Режиссёр: Дестин Дэниел Креттон (буга чейин Marvel’деги "Шан-Чи жана он шакектин уламышы" фильмин тарткан).
  • Жон Бернтал "Каратель" образында (Netflix сериалы жана 2025теги "Сорвиголова: Рождённый заново").
  • Зендея (ЭмЖей) жана Жейкоб Баталон (Нед) өз ролдорун кайра жаратмакчы.
  • "Өтө кызык учурлар" (Stranger Things) сериалынан белгилүү Сэди Синк да курамга кошулганы кабарланды, бирок анын образы сыр бойдон калууда.

Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2026-жылдын 31-июлуна белгиленген.

Социалдык тармактарда күйөрмандар талкуусу:

"Анын костюму – ностальгия. Тоби менен Эндрюну эске салганы абдан жакты!"
"Белги Эндрюнукуна окшош, ал эми рельефтүү узор Тобинин костюмун эстетет. Бул – тасмада да, турмушта да сонун урмат көрсөтүү!"
"Жөн гана мезгил кутучасы үчүн комментарий калтырып жатам – бул жылдын фильми болот!"
"Кайтып келгенине сүйүнүп жатабыз, бирок эмне себептендир аянычтуу окуя болот окшойт…"

Эске салсак, "Жөргөмүш-адам: Үйгө кайтууга жол жок" тасмасынын соңунда Доктор Стрэнж бардык адамдардын, анын ичинде ЭмЖей менен Неддин эсинен Питер Паркер тууралуу маалыматты өчүргөн болчу.






Человек-паук 4

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: