super.kg logo

"Мынча дүнүйө кайдан сизде?". Ош мэри прокуратура кызматкеринин үйүнө барды

 
Бүгүн, 4-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруусунда прокуратура кызматкеринин үйүнө барды. Мэр короодо турган кымбат унааларды көрүп, мынчалык байлык кайдан экенине кызыкты.

“Мынча дүнүйө кайдан сизде? Караңызчы, 4-5 машина турат”,- деди калаа мэри.

Токторбаев каналдын жээгине чейин курулуш жүргүзгөндүгү үчүн үй ээсине эскертүү берип, суунун боюн бошотуп коюуну тапшырды.

“Эмнеге муну бузбай жатасыз, өткөндө эле айтылды эле. Сиздики бул жагы Анталия го. Тосмону алыңыз”,- деп билдирди мэр.

Ошондой эле рейд учурунда мэр Абакир уулу Төрөбек көчөсүнөн баштап, Увам каналынын корук аймактарындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча мурда берилген тапшырмаларынын аткарылышын жеринен текшерди. Увам каналын бойлой коомдук мончо, тамактануучу жайлар, дарыкана, соода түйүндөрү жана турак-жайлар жайгашкан. Бул курулуштар корук зонасы талабын бузгандыктан бошотулат. Бошотулган аймакка шаар мэринин чечими менен эс алуу багы курулат.
Мэр Муян каналынын корук аймагын да жеринен көрүп чыгып, тез арада мыйзамсыз курулуштардан бошотууну тиешелүү кызматтарга тапшырды.





Ош мэри

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: