"Крокустагы" теракт боюнча сот процесси жабык өтөт
Москванын жанындагы "Крокус Сити Холл" концерт залында болгон теракт боюнча ишти сот жабык режимде карайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Сот отуруму Москва шаардык сотунун имаратында өтүп жатат. Жабыр тарткан 50дөн ашуун адам жана алардын өкүлдөрү процесске катышууда. Террордук актты аткарган жана ага катышкан 19 адамга карата кылмыш ишин үч судьядан турган сот коллегиясы карайт. Иш каралып жаткан залда 30дан ашуун ОМОН кызматкерлери жана сот приставдары бар, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.
Теракт боюнча айыптоо корутундусу аскер округдук сотуна 8-июлда түшкөн.
"Крокус Сити Холл" концерт залындагы теракт 2024-жылдын 22-мартында болгон. Террористтер камуфляж кийип, имаратка кирип барып ок атышып, концерт залга от койгон. Орусиянын Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко 23-июнда билдиргендей, окуянын натыйжасында 149 адам каза болуп, 609 киши ар кандай жаракаттарды алган, бир адам дайынсыз жоголгон.
