super.kg logo

Мектептерде жеткиликтүү билим менен камсыз кылуу боюнча реформа башталды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын жыйынында “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында 100 күндүк реформаларды ишке ашыруу боюнча кезектеги кадамдарды сунуштады.

Негизги демилгелердин бири калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу максатында башталгыч жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу жеке мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөштүрүү реформасы болду.

"Жеткиликтүү билим берүү жана мектептердин жетишсиздигин жоюу – биздин негизги милдеттерибиздин бири. Бүгүнкү күндө бул маселе мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу багыттардын бири", - деди Адылбек Касымалиев.

Ал белгилегендей, мамлекет тарабынан жаңы мектептер курулууда, ошол эле учурда өлкөдө окуучулардын саны өсүүдө. Буга байланыштуу Министрлер кабинети жеке секторду бул маселени чечүүдө маанилүү өнөктөш катары карайт.

Адылбек Касымалиев жеке менчик билим берүүчү жайларды ачуу жана иштетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул мамлекеттик мектептердин түйшүгүн азайтып, көп балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Учурда өлкөдө 219 жеке менчик мектеп иштейт, алардын 108и Бишкек шаарында жана 54ү Ошто жайгашкан. 2024-жылы жеке менчик мектептерге 33 лицензия, 2025-жылдын башынан бери дагы 21 лицензия берилген, бул жеке сектордун билимге болгон кызыгуусу өсүп жатканын далилдейт.


"Биз жеке сектор билим берүү тармагына, өзгөчө ири шаарларда активдүү катышып жатканын көрүп турабыз. Сапаттуу жеке менчик мектептерди көбүрөөк ачууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүү – биздин милдет", - деп белгиледи төрага.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: