Президенттин Иш башкармалыгы 6 миллиард сом киреше тапты. Кайдан?

Анын айтымында башкармалыкка караштуу уюмдар 2025-жылдын алты айында 6 миллиард 200 миллион сом киреше тапты.
"Бул – өткөн жылга салыштырганда эки эсе көп, ал эми 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 46 эсе жогору. Эң башкысы – бул көрсөткүчтөр азырынча жарым жылдык гана. Биздин пансионаттар, санаторийлер, курорттор негизги кирешени жайкы сезондо табат. Жогорудагы эсепке быйылкы сезондун кирешеси толук кире элек. Демек, жыл аягында бул сумма мындан да жогору болот деген чоң ишеним бар.
Быйыл биз 11 миллиард сомдон ашык план койгонбуз. Бирок азыркы темп менен биздин уюмдар бул планды ашыра аткарат деп ишенем. Мындан тышкары быйыл биздин башкармалыкка жаңы уюмдар – анын ичинде «Элкат» ЖЧКсы жана башка мекемелер кошулду. Учурдагы 6,2 миллиард сомго алардын түшкөн каражаттары кошулбайт. Алардын кирешесин кошкондо, жылдык жалпы сумма бир нече миллиард сомго көбөйөт деп күтүлүүдө", - деди Туманбаев.
Акыркы жылдардагы өсүш (6 айлык):
• 2021-жыл — 133 миллион сом
• 2022-жыл — 580 миллион сом
• 2023-жыл — 1 миллиард 937 миллион сом
• 2024-жыл — 2 миллиард 876 миллион сом
• 2025-жыл — 6 миллиард 200 миллион сом
Каныбек Туманбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:38
2025-08-04

16:11
2025-08-04
Рейтинг:
0

