Ош. Мэр шайлоодо добуш берүү бүттү
Ош шаарындагы мэр шайлоодо добуш берүү бүттү. Эми комиссия мүчөлөрү добуштарды санап чечим чыгарышат. Эске салсак, мэрликке мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышууда. Мырзакматовдун талапкерлиги “Улуттар биримдиги” жана Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган.
Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Алардын ичинен 30 депутат катышса, шайлоо өттү деп эсептелет. 23 добуш алган талапкер мэр болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

