super.kg logo

"Крокустагы" терактка катыштыгы бар төрт адам күнөөсүн мойнуна алды

 

Кечээ, 4-августта “Крокус” концерт залындагы терактка катыштыгы бар төрт адам сотто күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги адвокатка шилтеме берип билдирди.

Сот отуруму Москва шаардык сотунун имараттарынын биринде өтүп жатат. Процесске 30дан ашуун жабырлануучу катышууда. Отурум ачык өтүүдө, бирок негизги бөлүгү жабык түрдө жүрүп жатат. Себеби иш материалдарында жашыруун маалыматтар жана буга чейин эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды табууга тоскоол болчу маалыматтар камтылган.

ТАССтын маалыматына караганда, теракттан кийин жабыркагандардын дээрлик баары психологдорго кайрылышкан.

Эскерте кетсек, “Крокус Сити Холл” концерт залындагы теракт 2024-жылдын 22-мартында болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, куралчан адамдар имаратка кирип, элге ок атышкан жана өрт коюшкан. Натыйжада 149 адам каза болуп, 180ден ашууну жаракат алган. Кол салуудан көп өтпөй бир нече шектүү кармалган, ал эми айрым шектүүлөргө эл аралык издөө жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: