Япон деңизинде Орусия менен Кытайдын биргелешкен машыгууларды жүрүп жатат
Орусия менен Кытайдын деңиз аскерлеринин "Биргелешкен деңиздик аракет – 2025" аталышындагы машыгуулары Япон деңизинде жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Машыгууларда эки өлкө суу астындагы кайыкка каршы коргонуу, аба коргонуу тапшырмаларын аткарып, артиллерия менен атуу машыгууларын өткөрүүдө. Биргелешкен бирикмеге Орусиянын деңиз флотунун чоң суу астындагы кайыгы, дизель-электр суу астындагы кайыктары жана Кытайдын суу астындагы кайыктарды куткаруу үчүн атайын кемеси кирген.
Машыгуулар Владивостокко жакын жерде өтүп жатат жана ал бир нече убакыт мурун пландалган. Машыгууга эки күн калганда АКШ президенти Дональд Трамп "туура келген аймактарда" эки атомдук суу астындагы кайык жайгаштырууну тапшырган. Бул Орусиянын коопсуздук кеңешинин орун басары Дмитрий Медведевдин ядролук коркунучтар тууралуу билдирүүлөрүнөн кийин болгон.
Машыгуулар бүгүн, 5-августта аяктайт.
