Бразилиянын экс-президенти социалдык тармак колдонгону үчүн үй камагына алынды
Бразилиянын Жогорку соту мурунку президент Жаир Болсонаруну социалдык тармактарды колдонуу боюнча тыюуну бузганы үчүн үй камагына алуу тууралуу чечим чыгарды. Маалым болгондой, ага карата мамлекеттик төңкөрүш жасоо боюнча кылмыш иши жүрүп жаткан.
Соттук токтомдо судья Алешандре де Мораес экс-президенттин өз тарапкерлеринин, анын ичинде парламенттеги депутаттардын социалдык тармактарын колдонуп, Жогорку сотко каршы чабуулдарды жана бразилиялык сот системине тышкы кийлигишүүгө чакырган билдирүүлөрдү таратууга барганын белгилеген.
Жекшемби күнү Бразилиянын бир нече шаарында Болсонаруну колдогон митингдер өттү. Анын уулу Флавио акция учурунда кыска убакытка атасын Рио-де-Жанейродо чогулган адамдарга кайрылуу жасашы үчүн үн менен байланышка чыгарган.
Жогорку сот ошондой эле Болсонарунун адвокаттардан башка адамдарды кабыл алуусуна, мобилдик телефон колдонуу укугуна тыюу салды. Мурда экс-президентке электрондук манжа салуу, коменданттык саатка баш ийүү, социалдык тармактарды колдонбоо жана уулу Эдуардо Болсонару менен байланышпоо милдеттендирилген. Айрым маалыматтарга караганда, Эдуардо Болсонару АКШ президенти Дональд Трамп менен жакын мамиледе.
