super.kg logo

Бишкекте кызды коркутуп, артынан кубалаган жигит кармалды (видео)

 

Кечээ, 4-августта Көк-Жар кичи районунда өтүп бара жаткан жарандарды коркуткан адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБиге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине(Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин райондук башкармалыктын убактылуу камерасына камакка алынды.

Эске салсак, буга чейин социалдык баракчанын колдонуучуларынын бири 31-июлда болжол менен 22:30-23:00 чамасында үйгө кайтып келе жаткан учурда, окуяга туш болгонунун айтып, видео бөлүшкөн. Анда жумуштан келе жатканда алдынан бир жигит бактардын арасынан чыгып, аны кубалаган. Колунда бычак да бар экендиги айтылып, айланасын карап күлө баштаганы да белгиленген.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: