Tesla компаниясы Илон Маскка 29 миллиард долларлык акция берет
АКШнын электромобил өндүрүүчү Tesla компаниясынын директорлор кеңеши, компаниянын башкы директору Илон Маскка жалпысынан 29 миллиард доллар турган акцияны сыйлык катары берүүгө макул болду. Бул тууралуу кеңештин акция ээлерине жолдогон катында айтылды.
Катта Маск 2017-жылдан бери эч кандай өндүрүмдүүлүк төлөмүн албаганы белгиленип, 2018-жылдагы келишимдин мыйзам чегиндеги талаштарга байланыштуу жүзөгө ашпай калганын, бирок ага карабай Масктын компанияны "өзгөртүп, теңдешсиз өсүшкө жеткиргени" таанылганы жазылган.
"Бул төлөм Масктын Tesla компаниясында калуусун стимулдаштырган жакшы ниет белгиси болот",- деп айтылат документте.
Директорлор кеңешинин атайын комитети Маскка 2018-жылдагы "CEO Performance Award" боюнча тийиштүү болгон сыйлыктын үчтөн бир бөлүгүнө барабар акция бөлүп берүүнү сунуштаган. Бул сунуш бир добуштан жактырылган.
Аталган келишимге ылайык, Маск алдыдагы эки жыл бою компанияда кала турган болсо, ага 96 миллион акция, башкача айтканда 29 миллиард долларлык үлүш берилет.
Ошол эле маалда, Делавэр штатынын соту 2024-жылдын декабрында Масктын айлык төлөмдөрүнө байланыштуу мурда кабыл алынган чечимди күчүндө калтырган. Сот 56 миллиард долларлык айлык компенсацияны "акылга сыйбаган сумма" деп атап, бул пакет адилетсиз жол менен бекитилгенин белгилеген.
Белгилей кетсек, Масктын бул компенсациясы Tesla акциясынын баасына жараша өзгөрүп турган жана жыл сайын түрдүү көлөмдө болуп келген.
