super.kg logo

АКШ айрым туристтер үчүн 15 миң долларлык виза кепилдигин киргизди

 

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти айрым туристтик жана иш сапары үчүн берилүүчү визаларга 15 миң долларга чейинки кепилдик төлөмүн талап кылган жаңы пилоттук программаны баштады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул чара визанын мөөнөтүн бузуу деңгээли жогору болгон өлкөлөрдөн келген адамдарга тиешелүү болот.

Жаңы жобо бүгүн, 5-августта АКШнын федералдык реестрине жарыяланат жана алгачкы этапта 12 айга созулган пилоттук программа катары жүргүзүлөт.

Бул идея алгач 2020-жылы, Дональд Трамптын президенттик учурунда сунушталган. Анда негизинен Африкадагы 24 өлкөнүн жарандары үчүн виза алган учурда 15 миң доллар кепилдик талап кылуу каралган, бирок программа ишке ашпай калган.

Жаңы тартипке ылайык, визалык кепилдик талап кылынуучу өлкөлөрдүн тизмеси АКШнын расмий сайты — travel.state.gov аркылуу кеминде 15 күн мурун жарыяланат. Бул тизмеге өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн жана алар дагы алдын ала маалымдалат.

Кепилдик төлөгөн турист же ишкер АКШдан виза мөөнөтү бүткөндө убагында чыгып кетсе, төлөгөн акчасы кайтарылып берилет. Эгер виза ээси каза болуп калса же АКШнын жараны болуп калса да, кепилдик акча кайтарылат.

Бул чара виза эрежелеринин сакталышын байкоо максатындагы сыноо катары каралууда. Анын натыйжалуулугу Каржы министрлиги жана Ички коопсуздук министрлиги менен биргеликте бааланат.

Мындан тышкары, АКШ Мамдепартаменти студенттик жана алмашуу программаларына (визаларына) кайрылгандардын социалдык тармактагы активдүүлүгүн элчиликтеги кызматкерлер текшериши керек деген жаңы нускаманы жарыялаган. Суроо учурунда социалдык тармактагы аккаунттарын бөлүшүүдөн баш тарткандар шектүү жүрүм-турумдагы адамдар катары каралышы мүмкүн.

Трамптын администрациясы иммиграциялык саясатты кескин катаалдаштырган. Айрым өлкөлөр үчүн толук миграциялык виза тыюулары киргизилген, убактылуу коргоо макамдары жокко чыгарылган.

Жаңы кепилдик саясаты, буга чейин июнь айында киргизилген айрым өлкөлөр үчүн саякатка тыюу салууну да күчөтөрү белгиленүүдө.

Бул тыюулар эң көп таасир эткен өлкөлөрдүн катарында:

  • Чад
  • Эритрея
  • Гаити
  • Мьянма
  • Йемен

Ошондой эле Бурунди, Жибути жана Того сыяктуу виза эрежелерин бузуулары жогору өлкөлөр да тизмеге кошулушу мүмкүн.

АКШнын Туризм ассоциациясы бул кепилдик саясаты жылына болжол менен 2 миң адамга таасир этерин, негизинен АКШга аз сапар жасаган өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү болорун билдирген.

Ассоциация мындан сырткары, жакында кабыл алынган салык мыйзамындагы 250 долларлык "виза коопсуздук төлөмүнө" да көңүл бурду. Бул дүйнөдөгү эң жогорку виза акысынын бири болуп калары айтылды.

Акыркы маалыматтарга ылайык:

  • Март айында АКШга келген туристтердин саны 11,6 пайызга кыскарган
  • Канада жана Мексикадан келгендердин саны 20 пайызга азайган

Бул көрүнүштөр өкмөт саясатына байланыштуу туризм тармагына миллиарддаган доллар зыян келтириши мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда, АКШга мыйзамдуу виза менен келген айрым туристтер өлкөгө кирген учурда Миграция жана бажы көзөмөлү (ICE) тарабынан кармалып жатканы боюнча да нааразычылыктар күчөөдө. Бул жагдай айрым зыяратчылар үчүн АКШга баруу кооптуу болуп жатканына тынчсыздануу жаратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: