super.kg logo

Лондондо 12 миң "акылдуу телефон" жүктөлгөн жүк ташуучу унаа уурдалды

 

Улуу Британиянын борбору Лондондо ичинде 12 миң даана Samsung Galaxy телефону бар жүк ташуучу унаа уурдалганы кабарланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, окуя Хитроу эл аралык аэропортуна жакын аймакта болгон.

Кореялык Yonhap News TV агенттиги Android Authority порталы аркылуу тараткан маалыматка ылайык, жүк ичинде:

  • 5 миң даана Galaxy Z Fold7,
  • 5 миң даана Galaxy Z Flip7,
  • Galaxy Watch8 сааттары,
  • Ошондой эле көп сандагы Galaxy S25 жана Galaxy A16 үлгүлөрү болгон.

Бул түзмөктөрдүн жалпысынан баасы 9,6 миллион долларга жетери болжолдонууда.

Полициянын иликтөөсүнүн натыйжасында уурдалган жүк ташуучу унаа табылганы, бирок анын ичиндеги Samsung түзмөктөрүнүн кайда экени белгисиз бойдон калганы маалым болду.

Окуя жүк ташуучу унаа кампалардын бирине жеткирилгенден кийин уурдалган болушу мүмкүн экени айтылууда. Компания өкүлдөрү билдиргендей, бардык товарлар камсыздандырылгандыктан, Samsung түздөн-түз материалдык жоготууга учураган жок.

Samsung жакында эле көпчүлүк күтүп жаткан Galaxy Z Fold7, Z Flip7 жана Galaxy Watch8 моделдерин тааныштырган. Компания бул түзмөктөрдү Z сериясындагы эң жука жана эң өнүккөн моделдер катары мүнөздөгөн.

Полиция уурдалган жүктүн багытын аныктоо жана бул ишке катышкан адамдарды табуу максатында иликтөөнү улантууда. Түзмөктөр кара базарга түшүп кетиши мүмкүн деген божомолдор да айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: