АКШ Орусиянын мунайы үчүн Индияны бажы төлөмдөрү менен коркутту. Индиянын ТИМи жооп берди
АКШ президенти Дональд Трамп Индия Орусиядан мунай алып, аны кайра сатуу менен чоң киреше таап жатканын айтып, бул үчүн Индияга карата соода тарифтерин «бир топ» жогорулата турганын билдирди. Бирок ал тарифтер качан жана канчага чейин көтөрүлө турганын тактаган жок.
"Индия Орусиядан абдан көп мунай алып жатканы аз келгенсип, анын чоң бөлүгүн кайра ачык рынокто сатып, чоң киреше табууда. Алар үчүн Украинада орус аскерий техникасынан канча адам өлүп жатканы маанилүү эмес",- деп жазды Трамп Truth Social тармагында.
Бул билдирүүгө жооп кайтарып, Индиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рандхир Жайсвал Евробиримдик менен АКШнын дооматтарын негизсиз жана акылга сыйбаган деп атады. Анын айтымында, Индия Орусиядан мунай импорттоону Украинадагы жаңжал башталгандан кийин баштаган, анткени буга чейин мунай алып келген салттуу багыттар Европага бурулуп кеткен.
Жайсвал кошумчалагандай, ошол учурда АКШ да мындай аракеттерди колдогон, анткени бул дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу туруктуулукту камсыздоого жардам бермек.
Ошондой эле Индия Батыш өлкөлөрүн эки жүздүүлүк менен айыптады. Индиянын билдирүүсүнө ылайык, АКШ азыр да Орусиядан жер семирткичтер, химиялык заттар, электромобилдерге керектелүүчү палладий жана атом өнөр жайы үчүн уран гексафториди сатып алууну улантууда.
Ал эми Европа болсо Орусиядан химикаттар, темир жана болот, машиналар, транспорттук жабдуулар жана энергетикалык ресурстарды импорттоодо. 2024-жылы Европа Орусиядан суюлтулган жаратылыш газын (СПГ) сатып алуу көлөмүн рекорддук 16,5 миллион тоннага жеткирген. Ошол эле жылы эки тараптын соода жүгүртүүсү 67,5 миллиард евро түзгөн. Бул сумма Индия менен Орусиянын жалпы соодасынан кыйла көп экенин баса белгилешти.
Соңку апталарда Дональд Трамп Орусия мунайы үчүн Индияга санкция салынаарын бир нече ирет эскерткен. 1-августта ал Индиядан келген товарларга 25 пайыздык бажы төлөмүн киргизди. Бирок Индия өкмөтү Орусиядан мунай сатып алууну уланта берерин билдирди.
