super.kg logo

"Химиялык зат төгүлгөн болушу мүмкүн". Алматыда дарыя жашыл түскө боёлду

 

Алматыда Каргалы дарыясы жашыл түскө боёлуп, булгануунун себептери изилденүүдө. Шаар акимчилигинин билдирүүсүндө, көпүрөдөн химиялык зат төгүлгөн болушу мүмкүн.

Дарыянын суусу Жандосов көчөсү менен Абай проспектинин ортосунда жашыл түскө боёлгон. Текшерүү үчүн экология жана айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын адистери барып иш жүргүзүшүүдө.

"Заттын курамын жана булгануунун деңгээлин аныктоо үчүн шаардык экология жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменттери суудан лабораториялык анализ үчүн үлгүлөрдү алышты. 5-августта экология жана айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы, Наурызбай акимиаты, экология жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменттери менен Балхаш-Алакол бассейнинин инспекциясынын катышуусунда себептерди жана жоопкер адамдарды аныктоо боюнча биргелешкен иш-чаралар пландалууда",- деп билдиришти акимчиликтен.

Азыркы учурда булгануунун белгилери жок экенин мамлекеттик органдар белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: