super.kg logo

Эки жүргүнчү автобустун айдоочусуна кол салды (видео)

 

Бишкекте №25-автобустун айдоочусуна эки аял кол салды. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Видеодон байкалгандай, окуя 2-августта болгон.

Ал эми айдоочунун айтымында, Ош базарды көздөй кетип бара жаткан учурда бир жүргүнчү аялдама жок жерден түшүрүп коюну айткан.

"Ош базарды көздөй кетип бара жатканда, бир жүргүнчү мага келип аялдама жок жерден түшүрүп коюну айтты. Мен бул жерден болбойт, аялдамадан түшө турганын айтсам, "алдын ач" деп мага кол салды. Экинчиси да кол салып, экөө мени сөгүп, жулмалап түшүп кетишти",- деди.

Видеодон байкалгандай, бир аз убакыттан кийин жүргүнчүлөр кайра келип айдоочуга асылып, орой сөздөрдү айткан. Алардын бири "Эмнеге кыпчып жатасың?" дегенин да байкоого болот. Ошондой эле каттамдагы жүргүнчүлөрдүн бирөөсү айдоочуга жардамга келгени байкалат.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: