Мексиканын Гуанахуато штатында 32 кишиге таандык сөөктөр табылды
Мексиканын Гуанахуато штатында ташталган үйдөн табылган адам калдыктары кеминде 32 кишиге таандык экени тастыкталды. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү штаттын прокуратурасы билдирди.
Маалыматка ылайык, табылган сөөк калдыктары абдан бөлүнүп кеткен жана чаташкан абалда болгондуктан, идентификациялоо процесси татаал болууда.
Азырынча 15 кишинин өздүгү аныкталган. Калдыктар Ирапуато шаарында дайынсыз жоголгондорду издөө операциясы учурунда табылган.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, адам бөлүктөрү пластик баштыктарга салынган.
Жоголгондордун жакындарынан турган "Сени тапканга чейин" (Hasta Encontrarte) аттуу жарандык кыймылдын мүчөлөрү окуу болгон жерге келип, жакындары боюнча маалымат же бир из табууга үмүттөнүшкөнүн билдиришти.
"Жакындарыбызды табабыз деп үмүт кылабыз. Жылдар өттү, алиге чейин эч нерсе белгисиз. Мындай жапырт көмүлгөн адамдар табылганда ошол жерде болгуң келет", - деди аты-жөнүн коопсуздук максатында айтпаган бир аял AFP агенттигине берген маегинде.
Гуанахуато — Мексиканын өнөр жайы эң өнүккөн жана туристтик мааниси жогору болгон аймактарынын бири. Бирок, ошол эле учурда өлкөдө эң кооптуу аймагы катары да белгилүү.
Мисалы:
- 2024-жылдын июнь айында Ирапуатодогу бир кварталдык кечеге болгон куралдуу кол салууда 11 киши өлүп, 20дан ашык адам жаракат алган.
- Май айында да дал ушул шаардагы ташталган үйдөн 17 сөөк табылган.
Бул зомбулуктун негизги себеби катары Санта Роса де Лима бандасы менен Халиско Жаңы Муун Картелинин ортосундагы аймактык үстөмдүк үчүн күрөш аталууда. Бул эки топ — Мексикадагы эң кубаттуу уюшкан кылмыштуу түзүмдөрдүн катарында.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-жылы Гуанахуато штатында 3 100дөн ашуун киши өлтүрүлгөн, бул Мексикадагы жалпы адам өлтүрүүлөрдүн 10,5 пайызын түзөт.
Ошондой эле:
- 2024-жылдын ичинде Гуанахуатодо 3 600гө жакын киши дайынсыз жоголгон деп катталган.
- Мексика боюнча жалпы жоголгондордун саны 120 миңден ашат.
