Ооганстанда ачарчылыктан жабыркаган балдардын саны өсүүдө
Ооганстанда ачарчылыкка кабылган балдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу CNN телеканалы Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын билдирүүсүнө таянып кабарлады.
Уюмдун баамында, өлкө калкынын төрттөн бири, тагыраагы, болжол менен 10 миллион адам азык-түлүк жетишсиздигинен жабыркайт.
Уюм билдиргендей, абалдын оорлошу акыркы эки жылда гуманитардык азык-түлүк жардамдарынын көлөмү кыскарганы менен байланыштуу. Буга каржылык колдоонун олуттуу төмөндөшү себеп болууда. Маселен, ушул жылдын апрелинде АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Ооганстанга азык-түлүк жеткирүүнү толук токтотту.
Азык-түлүк коопсуздугунун начарлашына кошумча фактор катары чет элдиктерди мыйзамсыз мигрант деп таанып, коңшу өлкөлөрдөн массалык түрдө депортациялоо саналат. Акыркы эки айда Ирандан кайтып келген 60 миңден ашуун адамга жардам көрсөтүлгөн.
Уюмдун өкүлү Зиауддин Сафинин айтымында, Ирандан кайтып жаткан муктаж оогандарга жардам берүү үчүн 15 миллион доллар талап кылынат. Жалпысынан өлкөдө эң аялуу үй-бүлөлөргө 2026-жылдын январь айына чейин жардам көрсөтүү үчүн программа 539 миллион долларга муктаж.
Мындан тышкары, Ооганстанда азык-түлүк абалын климаттык кризис да оорлотууда. Улуттук айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Матиулла Халис белгилегендей, кургакчылык, суу жетишсиздиги, түшүмдүүлүктүн азайышы жана күтүүсүз селдер калктын турмушуна жана өлкөнүн экономикасына олуттуу таасир этүүдө.
