Ошто ӨКМдин кызматкери сууда агып бараткан баланы куткарып калды (видео)
29-июлда ӨКМдин кызматкери сууда агып бара жаткан баланы куткарып калды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, кызматкерлер тоолордогу өрттү өчүрүүгө бара жатышып, каналда эс-учун жоготуп агып бараткан баланы көрүп калышкан. Баланын пульсу жоголуп, көгөрүп кеткен. Кызматкерлер эсине келтирүү аракетин көрүшкөн. Бир нече мүнөттөн кийин бала эсине келип, дем ала баштаган. Видеодон байкалгандай, "Тез жардам" кызматы келип, бала ооруканага жеткирилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, аталган мекеменин суучулдары жылына 400дөн ашык жаранды окутушат. Бул жылы суучулдардан окуган кызматкерлер 40 адамдын өмүрүн сактап калышкан.
МЧС
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:24
2025-08-05
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.