Касымалиев БУУнун конференциясынын катышуучуларын тосуп алуу аземине катышты







Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагында БУУнун конференциясынын катышуучуларын тосуп алуу аземине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчысын Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердимухамедов тосуп алды. Андан соң Касымалиев Борбордук Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышты.
Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагындагы, 5-8-август күндөрү өтүп жаткан БУУнун деңизге чыга албаган, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча үчүнчү конференциясына 100дөн ашуун делегация катышууда.
Маалымат үчүн:
“Өнөктөштүк аркылуу прогресске жетүү” темасында өткөрүлүп жаткан БУУнун конференциясына
- 32 деңизге чыга албаган, өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жана өкмөт жетекчилери, делегация башчылары;
- 47 чакан аралдык мамлекеттердин делегация башчылары;
- 49 эң аз өнүккөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү;
- БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жана анын орун басарлары;
- Эл аралык жана аймактык уюмдардын, каржы институттарынын, жарандык коомдун жана жеке сектордун өкүлдөрү катышууда.



