super.kg logo

UNICEF: Газа секторунда күн сайын орто эсеп менен бир класстын балдары өлүүдө

 

Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду (UNICEF) билдиргендей, Газа секторунда акыркы 22 ай ичинде 18 миңден ашуун бала каза болду. UNICEF бул тууралуу X расмий баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

Уюмдун маалыматына ылайык, күн сайын орто эсеп менен бир класстын балдарына тете - болжол менен 28 бала курман болууда.

Балдардын өлүмүнө негизги себептер:

  • Бомбалоо,
  • Ачарчылык жана жетишсиз тамактануу,
  • Негизги кызматтарга жеткиликтүүлүктүн жоктугу болуп саналат.

22 ай ичинде курман болгон 18 миңден ашык бала - бул тарыхтагы эң кандуу балдар кризисинин көрсөткүчү катары белгиленүүдө.

"Газа секторундагы балдарга тез арада тамак-аш, суу, дары-дармек жана коргоо керек. Азыр эң керектүү нерсе - ок атышууну токтотуу. Тез арада",- деп жазылган маалыматта.

UNICEF дүйнөлүк коомчулукту тез арада аракет кылууга жана балдарды коргоого чакырууда. Газа секторунда балдардын жашоо укугу күн сайын тебеленип жатканы айтылып, бул гуманитардык жана моралдык өзгөчө кризис экени белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: