Хуситтер Израилдин аэропортуна баллистикалык ракета менен сокку урушту
Хуситтер Израилдин Тель-Авив шаарындагы Бен-Гурион эл аралык аэропортуна баллистикалык ракета менен сокку урганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта айтылгандай, хуситтер аскердик операция жүргүзүп, анын алкагында "Палестина-2" үлгүсүндөгү гипер үндүү баллистикалык ракета менен Яффо районуна жайгашкан Лод аэропортуна сокку жасашкан.
Эске салсак, 1-августта хуситтер Израилдин аймагына баллистикалык ракета менен сокку урганы маалымдалган. Хуситтердин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Яхья Сариа ракетанын Бен-Гурион аэропортуна карай атылганын жана операция максатына жеткенин билдирген.
Анын алдында Сариа хуситтер Израил аймагындагы үч аскердик объектке дрондор менен сокку жасаганын айткан. Ал дрондордун экөөсү Тель-Авивдеги стратегиялык маанидеги объектке сокку урганын, дагы экөөсү Ашкелондогу аскердик объектке, ал эми дагы бири Негев чөлүндөгү аскердик объектке багытталганын белгилеген.
