super.kg logo
  Саясат  

Ош. Айтмамат Кадырбаев расмий түрдө мэр болуп шайланды

 
Бүгүн, 15-январда Ош шаарындагы мэр шайлоодо добуш берүү аяктады. Шайлоонун жыйынтыгында комиссия мүчөсү Айтмамат Кадырбаевдин расмий түрдө шаар башчы болуп шайланганын айтты. 
Эске салсак, мэрликке мурдагы шаар башчы Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышкан. Жыйынтыгында 1 бюллетень жараксыз деп табылды. Мырзакматов 19 добуш, Кадырбаев 25 добушка ээ болду. 
Айтмамат Кадырбаев 2010-жылдагы Апрель окуясына чейин Курманбек Бакиевдин командасында иштеген. Оштогу темир-бетон каражаттарын чыгарган заводдун башчысы, 2007-жылы Ош облусунун губернаторунун орун басары болгон. 2010-жылдын 13-майында Бакиевдин тарапташтары менен обладминистрацияны басып алып, “элдик губернатор” аталган. 
2012-жылдын март айында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: