Жалал-Абадда 16 жаштагы өспүрүм сабалып, ооруканада көз жумду (видео)
Жалал-Абадда 16 жаштагы бала сабалып, ооруканада 14 күндөн кийин көз жумду. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын айткан видеосу интернетке тарады.
"Биздин инибизди 3 бала сабап, ал 10 күндү ооруканада, 4 күндү комада өткөрдү. Кечээ жакында инибиз каза тапты. Ушул ишке көңүл буруп, жакшылап карап берип коюшуңуздарды суранабыз. Каза болгон баланын апасы арыз жазды",- деп айтылат маалыматта.
Окуя тууралуу бүгүн, 5-августта SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы да тастыктады.
Маалым болгондой, 20-июль күнү саат 04:00 чамасында 2009-жылы туулган Б.Б. атуу баланы 2-3 бала уруп кеткен.
21-июль күнү аталган факт Жалал-Абад ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 130-берене боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишине шектүү катары Аксы районунун 2007-жылы туулган У.Т. жана Сузак районунун 2008-жылы туулган Ө.А. аттуу тургундары кармалып, Жалал-Абад шаардык соту тарабынан эки айлык мөөнөткө камакка алынган.
видео
