"Крокустагы" теракт: Айыпталгандардын абактагы мөөнөтү жарым жылга узартылды
2-Батыш округдук аскер соту "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракт боюнча айыпталып жаткан адамдардын камактагы мөөнөтүн дагы алты айга узартты. Бул чечим терактты түздөн-түз ишке ашырган 4 адамга жана 15 шеригине тиешелүү.
Орус басылмаларынын маалыматына караганда, абактагы мөөнөттү узартуу боюнча өтүнүчтү мамлекеттик айыптоочу көтөргөн. Буга чейин прокурор бул иш боюнча сот жараянын жабык форматта өткөрүүнү сураган, анткени иш материалдарында жашыруун маалыматтар бар. Ошондой эле кээ бир маалыматтарды ачыкка чыгаруу тергөө ишине тоскоолдук кылышы мүмкүн экени айтылган.
Иш 4-августта Москва шаардык сотунун имаратында карала баштады. Түздөн-түз терактка байланыштуу 13 кишиге айып тагылса, калганына террордук ишмердүүлүккө көмөктөшкөн деген айып коюлган. Адвокаттын айтымында, кылмышты түз аткаргандар күнөөлөрүн толугу менен моюнга алышкан.
Бул иш боюнча 2400дөй адам жана алты уюм жабырлануучу катары таанылган.
Эскерте кетсек, “Крокус Сити Холл” концерт залындагы теракт 2024-жылдын 22-мартында болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, куралчан адамдар имаратка кирип, элге ок атышкан жана өрт коюшкан. Натыйжада 149 адам каза болуп, 180ден ашууну жаракат алган. Кол салуудан көп өтпөй бир нече шектүү кармалган, ал эми айрым шектүүлөргө эл аралык издөө жарыяланган.
