Чолпон-Ата шаарына жаңы мэр дайындалды
Рустам Кадыркулов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы мэр болуп дайындалган Кадыркулов расмий түрдө кызматка киришип, шаардык мэриянын жамааты менен таанышты.
Кадыркулов Рустам Болотбекович 1986-жылы, 26-мартта Токмок шаарында туулган. 2007-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун Мамлекеттик салык кызматында баштап, салык кызматынын Чүй району боюнча башчысынын орун басары кызматына чейин жеткен. 2021-жылы Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин койгон.
Эске салсак, 2-июлдан тарта Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Анарбек уулу Азамат иштеп келген. Ал ага чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп эмгектенген. Анарбек уулу Азамат Чолпон-Атанын мэри кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазганы маалым болду.



