Израил өкмөтү Нетаньяхунун ишин иликтеген башкы прокурорду кызматтан алууну көздөөдө
Израил өкмөтү кечээ, 4-августта өткөн жыйында башкы прокурор Гали Бахарав-Миараны кызматтан алуу сунушун бир добуштан колдоду. Бул тууралуу Axios басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, бул - Израил тарыхында өкмөт башкы прокурорду кызматтан алуу чечимин колдогон биринчи учур болуп саналат.
Гали Бахарав-Миара учурдагы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун үстүнөн жүрүп жаткан коррупция иши боюнча башкы айыптоочу катары сот процесстерине катышып келет. Мындан сырткары, ал өкмөт башчысынын жакын кеңешчилеринин Катар менен мүмкүн болгон байланыштарын иликтөө иштерин да жетектөөдө.
Израилдин Жогорку Соту бул аракетти "орунсуз" деп баалап, эгер чечим күчүнө кирсе, дароо соттук тыюу салына турганын эскертти. Гали Бахарав-Миаранын кызматтан кетүүсү Жогорку Сот чечимине чейин күчүнө кирбейт.
Axios маалымдагандай, өкмөттөгү айрым министрлер Бахарав-Миараны эми тааныбай турганын, анын юридикалык бүтүмдөрү эске алынбай турганын билдиришкен. Бул прокурорду кызматынан четтетүү боюнча саясий басым катары бааланууда.
"Бул - мурда болуп көрбөгөн прецедент. Эгер азыркы өкмөт менин кызматтан кетишимди саясий негизде камсыз кыла алса, анда келечекте ар бир өкмөт өзүнө жакпаган башкы прокурорду кызматтан алып сала алат",- деди Гали Бахарав-Миара.
Ошондой эле ал өзүнүн кызматтан кетиши Нетаньяхунун үстүнөн жүрүп жаткан сот процесстерине, өкмөт мүчөлөрүнө каршы жүрүп жаткан башка кылмыш иштерине терс таасирин тийгизерин белгиледи.
Бул окуя Израилде мыйзам үстөмдүгү жана бийлик бутактарынын көз карандысыздыгы боюнча чоң талкуу жаратууда. Эл аралык коомчулук бул аракетти сот бийлигине кийлигишүү катары баалап, тынчсыздануусун билдирүүдө.
