super.kg logo

WhatsApp тиркемесинде жаңы функция пайда болду

 

Android үчүн WhatsApp’тын бета-версиясында "Конок чаты" деп аталган жаңы функция табылды. Бул функция мессенджердин катталбаган колдонуучулары менен да билдирүүлөрдү алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу WABetaInfo порталы кабарлады.

Жаңы чат түзүүдө колдонуучу телефон номерин көрсөтпөстөн баарлашуу опциясын тандай алат. Тиркеме уникалдуу шилтеме түзүп берет, аны каалаган адамга жөнөтүүгө болот. Ал шилтемеге өткөндө, кабыл алуучу WhatsApp'тын веб-версиясында даяр чат ачат.

"Конок чаттарда" убакыт боюнча чектөө болбойт, бирок айрым функциялар жеткиликтүү эмес. Алсак, медиафайлдарды, документтерди, стикерлерди жана GIF-анимацияларды да жөнөтүү каралган эмес. Ошол эле учурда, бардык билдирүүлөр шифрлөө менен корголот.

Эгерде кийинчерээк маектешүүчү WhatsApp'ка катталса, ал "Конок чаттагы" тарыхты сактап калып, баарлашууну кадимки форматта уланта алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: