Мушкер Дмитрий Биволдун мурунку жубайы балдарынын келечеги сотто чечилерин билдирди
Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Бивол балдарынын келечеги тууралуу соттук жараян башталганын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Айтымында, жакын арада алардын улуу баласы Мирон сотко катышып, өзү жана иниси Никон апасы менен калабы же атасына кетеби деген суроо чечилет.
"Көбүнчө аялдардын мурдагы күйөөсү кек сактап, мыйзамдуу алимент төлөгүсү келбесе, балдардын туруктуу жашоо ордун талашка салат. Себеби балдарды өзүнө алып кетсе, алимент төлөбөй калат. Мирон 10 жашта, Орусия мыйзамына ылайык, ал өзү тандаса болот",- деп жазды Екатерина Инстаграм баракчасына.
Ал ошондой эле Бивол балдарына жетиштүү алимент төлөбөй жатканын белгилеп, "миллионердин балдары 100 миң рубль менен жашай албайт",- деп билдирди.
Маалымат үчүн: Дмитрий жана Екатерина 16 жашында таанышып, 2013-жылы баш кошушкан. Алардын Мирон жана Никон аттуу уулдары бар. 2023-жылдын июнунда жубайлар ажырашкан. Екатерина ошол учурда алиментти көбөйтүүнү сурап сотко кайрылган.
2024-жылдын декабрында ал Дмитрий Бивол ага карата прокуратурага арыз жазганын, андан соң "ар-намыс жана абийирди коргоо" боюнча сот иши башталганын билдирген.
Ажырашуудан кийин Дмитрий Бивол:
• Артур Бетербиев менен эки чоң беттеш өткөргөн - биринчисинде жеңилип, экинчисинде реванш алып жеңишке жеткен.
• 2025-жылдын ноябрында үчүнчү беттеш болушу мүмкүн.
Буга чейин Екатерина Бивол мурунку жолдошун кечиргенин билдирген. Бирок учурда балдардын тарбиясы, туруктуу жашоо жери жана алимент маселелери боюнча соттук талаштар уланууда.
