super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы БУУнун конференциясында деңизге чыга албаган 32 өлкөнүн атынан чыгып сүйлөдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанда БУУнун конференциясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан 32 өлкө тобунун атынан сөз сүйлөгөн өкмөт башчы деңизге чыга албаган өлкөлөр бири биринен алыс болгонуна, маданиятынын, тилинин, социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлинин айырмачылыктарына карабастан, географиялык обочолонуу, транспорттук жана соодалык жогорку чыгымдар, экономикалык диверсификациянын чектелгендиги, инвестициялардын жана каржылоонун жетишсиздиги сыяктуу окшош көйгөйлөрдү баштан кечирип жатканын белгиледи.

Касымалиев бул көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн 2001-жылы БУУнун көмөгү менен деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тобу түзүлгөнүн эске салып, Вена жана Алматы иш аракеттер программаларын ишке ашыруунун жүрүшүндө транзиттик кошуналар менен ченемдик жана келишимдик базаны түзүүдө, соода процедураларын жакшыртууда, санариптештирүүнү киргизүүдө олуттуу жылыштар бар экенине токтолуп, бирок коюлган максаттар толук кандуу ишке ашпай калганын моюнга алуу керектигин белгиледи.

Ал өз сөзүндө акыркы жылдары Кыргызстан эл аралык маанидеги автомагистралдарды жакшыртуу жана өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүп, ошону менен бирге "аба эркиндигинин" бешинчи даражадагы саясатын киргизгенин жана Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу Кытайдан Жакынкы Чыгыш, Европа жана Түштүк Азия өлкөлөрүнө эң кыска кургактык жолун ачаарын, мындан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандан Түштүк Азияга таза гидроэнергияны экспорттоого багытталган КАСА-1000 долбоорун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: