"Канча иштейм билбейм? Бирок силерге калат". Оштун мэри подрядчылар менен жолукту (видео)
Бүгүн, 5-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаар ичиндеги жол куруу, ремонт жана инфраструктуралык иштерди аткарып жаткан подряддык уюмдардын жетекчилерин чакырып, шаар үчүн чын жүрөктөн курулуштарды куруп берүүгө чакырды.Жыйында калаа башчысы бир подрядчынын жол салып бергендигин мисал кылып, башкаларды да аз сумма менен эсептеп жолдорду, эс алуучу жайларды курууга үндөдү.
“Тендерге катышып, кымбатка баалап, муниципалдык менчик башкармалыгы, жолдор ишканасынын жетекчилери менен бөлүшүп иш кылганды таштаганбыз. Бир дагы подрядчы "откат" бербейт. Жемкорчулукка жол жок. Элдин акчасы буйрубайт. Ош шаарын оңдойлу. Канча сом болсо столдун үстүнө коёлу. Башка мамлекеттерден эмне кемчилигибиз бар? Оштун балдары келип, өзүбүздүн акча өзүбүзгө калсын деп чакырдым. Жүрөктө потриоттук сезим, дух болуш керек. Канча иштейм билбейм, бирок келгиле оңдойлу, анан силерге, шаардыктарга эле калат. Кийин айтып жүрөсүңөр”,- деди мэр.
Оштун мэри жыйын өткөрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















