super.kg logo

Кытайда чиркейлер аркылуу жугуучу чикунгунья вирусу 7 миңден ашык адамга жуккан

 

Кытайдын түштүгүндө жайгашкан Фошань шаарында чиркейлерден жугуучу чикунгунья вирусу менен ооругандардын саны 7 миңден ашканы кабарланды. Бул тууралуу China Daily басылмасы жазды.

Шаардагы эпидемиологиялык абал тууралуу билдирүү тараткан расмий өкүлдөр, Фошанда вирус жуктургандар көбөйүп жатканын, бирок алдын алуу жана көзөмөл чараларынын аркасында акыркы күндөрү оорунун жайылуу ылдамдыгы басаңдаганын белгилешти.

Вирустун эң көп катталган району болгон Шуньдэ аймагында акыркы 5 күн ичинде жаңы учурлардын саны азайганы байкалган.

Ошол эле учурда Гуандун провинциясындагы жаан-чачындуу аба ырайы чиркейлердин көбөйүшүнө алып келип жатканы айтылып, кооптуу абал дагы деле уланып жатканын жергиликтүү бийлик эскертти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, чикунгунья вирусу чиркейдин чакканы аркылуу жугат жана адамда жогорку дене табын жана муундардын оорушун пайда кылат.

Бул вирус көп учурда өлүмгө алып келбесе да, оор учурларда олуттуу кесепеттерге жеткирери белгиленет. Бүгүнкү күндө чикунгуньяга каршы эки вакцинанын клиникалык колдонууга уруксаты бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: