Өлкөдө товарларга коюлган бааларга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди



Өлкөдө социалдык маанидеги товарлардын бааларына бирдиктүү баа саясаты жүргүзүлөт жана көзөмөл күчөй тургандыгы бүгүн, 5-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында жыйында айтылды.
Анда мал эти, өсүмдүк майы, ун, картошка, кумшекер, сабиз жана пиязга болгон бааларды, өзгөчө мал этине болгон бааны ар бир календардык күндө Бишкек жана Ош шаарларында дыкат көзөмөлдү жүргүзүү жана анын жыйынтыгын президенттин администрациясына жиберип туруу тапшырмасы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, Улуттук статистика комитетине коюлду.
Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматына импорттук азык-түлүктөргө кошумча нарк салыгын төмөндөтүүнүн мүмкүнчүлүгүн кароо, Улуттук банкка дыйканчылык жана мал-чарбачылык кылган жарандарга жеңилдетилген насыя берүүнүн ыкмаларын дагы карап чыгуу тапшырмалары берилди.
Мындан тышкары Бишкек шаардык мэриясына “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому менен биргеликте социалдык маанилүү товарларды сатуучу муниципалдык күркө уюштуруу тапшырылды. Ушул эле ыкманы өлкөнүн жети облусунда колдонуп көрүү протоколдук тапшырма катары киргизилди.



