super.kg logo

Бишкектин мэри Аламүдүн базарынын тушундагы курулуштарды жылдырууну тапшырды (видео) 

 

Бүгүн, 5-август борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев шаардын ар кайсы райондорундагы жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Алардын катарында Аламүдүн базарынын тушундагы тротуарларга жакын курулган курулуштарды бузуу тапшырмасын берди.

- Калаа башчысы Чыңгыз Айтматов проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейинки реконструкция иштери жүрүп жаткан бөлүгүнө барды.

- Андан соң шаар башчысы Алтын-Ордо конушундагы иштердин жүрүшүн текшерди. Мында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Алтын-Ордо 9 көчөсүндө жалпы узундугу 1,1 чакырымга жакын жолду капиталдык оңдоодон өткөрүүдө. Учурда тротуар бордюрлары орнотулуп, негизи даярдалууда.

- Шабдан баатыр көчөсүндөгү ДЕПО-2ни реконструкциялоо иштери аяктоо алдында турат. Мэр аймакты көрүп чыгып, Чечимдерди даярдоо башкармалыгына муниципалдык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн текшерүү өткөрүүнү тапшырды.

- Жол иштери кызуу жүрүп жаткан Калинин көчөсүндөгү иштер да текшерилди. Курманжан датка көчөсүндө жолду оңдоо иштери уланууда. Мэр тротуардын курулушуна тоскоол болуп жаткан чарба субъекттердин ээлерине эскертүүлөрдү берүүнү, иштин сапатына өзгөчө көңүл бурууну, жол боюндагы жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштерин бир убакта жүргүзүүнү тапшырды.

- Достоевский көчөсүндө жолдун эски катмарын алуу иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана Свердлов акимиаты тоскоолдук жараткан объектилерди демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Мэр ишти тездетип, айдоочулардын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздоону милдеттендирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Айбек Жунушалиев дарыя жээгиндеги аймактарды уруксат берилбеген имараттардан тазалоо иштерин күчөтүүнү, ошондой эле чарба субъекттерге унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана борбор калаанын соода объектилерин бирдиктүү стилге келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: