Көк-Жардагы "снос" боюнча Бишкек мэриясы үн катты

Атап айтканда, эмерек цехи, картинг аянтчасы, кум блокторун чыгаруучу цех, ашкананын жана дүкөндүн кире бериш топтору, автосервис, ангар жана башкалар демонтаждалды.
Бул объектилер 2021-жылдан кийин курулган. Буга чейин бул аймактар административдик-аймактык реформанын алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан, андан соң Бишкек шаарына өткөн.
"Учурда Октябрь районуна өткөрүлүп берилген контурлар трансформацияланууда, жер тилкелери азырынча мыйзамдаштырыла элек. Жер тилкелеринин айыл чарба багыты бар. Бул жерлер Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 "Жер жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы "Жер мунапысынын тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык келбейт", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия буга чейин Октябрь райондук администрациясы жана "Көк-Жар" МАБы жарандар менен мыйзамсыз курулушка жол бербөө жана жер тилкелерин багыты боюнча пайдалануу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 8 жолу көчмө жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи.
Айта кетсек, жергиликтүү тургундар видео менен бөлүшүп Көк-Жарда курулуштар түрттүрүлүп жаткандыгын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:24
2025-08-05
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.