super.kg logo
  Саясат  

Касымалиев Түркмөнстанда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Касымалиев уюмдун өлкөлөрдүн муктаждыктарына жана приоритеттерине эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган системалуу аракеттерин жогору баалады. Ошондой эле, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча Авазанын жаңы Иш-аракеттер программасынын кабыл алынышын канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда ишке ашып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлорду канааттануу менен белгилеп, ошондой эле аймактагы чек ара маселесин чечилишин кубаттады. Башкы катчы Кыргызстандын эл аралык транспорттук логистикалык байланышка кошуп жаткан салымын да жогору баалады.

Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: