super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абаддагы жер титирөөдөн алдын ала маалыматтар

 
Жалал-Абад облусундагы жер титирөөнүн саат 22:05ке карата маалыматы.
- ӨКМдин Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жер титирөөдөн жабыркагандар боюнча Жарандык коргонуу комиссиясы 3 тайпага бөлүнүп жеринде иштеп жатат.
- Базар-Коргон районунда жер титирөөдөн жабыркагандар боюнча райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө, натыйжада Арстанбап-Ата айыл аймагынан 2 турак үйдүн дубалынан жаракалар пайда болгон.
- Сузак районунда жабыркагандар боюнча райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө, натыйжада Кыз-Көл айыл аймагындагы №32 орто мектебинин спорт залынын дубалдарынан жаракалар пайда болгон.
- Учурда Таш-Көмүр шаарында жана калган райондордо кыйроолор болгон жок.
ӨКМ азыркы маалыматтар менен адам өмүрүнө зыян келбегенин билдирди.
Белгилей кетсек, аталган облуста бүгүн, 5-августта саат 19:44тө күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: