super.kg logo
  Саясат  

Адылбек Касымалиевдин Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын катышуучуларына тосуп алуу аземине катышып, ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Ошондой эле Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна арналган жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты.

Мындан тышкары Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли, Ливиянын президенттик кеңешинин төрагасы Мохаммед Юнис Ахмед Аль-Менфи менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Иш сапардын соңунда БУУ конференциясына келген делегация башчылары менен биргеликте, Каспий деңизинин боюндагы Аваза туристтик аймагында өткөн "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук күндөрүнүн" маданий иш-чараларына катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: