Бишкекте милицияга пара берүүгө аракет кылган адам кармалды
Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу калаанын Ленин райондук милициясы билдирет.
Маалыматта айтылгандай, 2-августта Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну Ленин РИИБиге арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Чортеков жана Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде анча тааныш эмес эркек киши Kia K5 үлгүсүндөгү унаанын ичинде ага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин жасоого аракет кылган.
Бул факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө ал жарандын өздүгү такталып, Тергөө кызматына жеткирилген.
Тергөөдө ал кылмыш ишин токтотуу максатында милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ушул жылдын 5-августунда 27 жаштагы шектүү акча каражатын берип жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.
06.08.25
