super.kg logo

Зеленский менен Трамп телефон аркылуу сүйлөшүштү

 

Украина президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

“Президент Трамп менен продуктивдүү маек болду. Негизги тема — албетте, согушту токтотуу. АКШ президентине адилет жана туруктуу тынчтык үчүн жасап жаткан аракеттери үчүн ыраазыбыз. Эгерде орусиялыктар согушту атайылап узартпаса, бул согуш көптөн бери эле бүтмөк”,- деп жазды Зеленский.

Анын айтымында, ал Трампка Киевге жана башка шаарларга жасалган чабуулдар тууралуу маалымат берген.

Мындан сырткары, эки өлкөнүн лидерлери Орусияга каршы санкцияларды да талкуулашкан.

“Алардын экономикасы урап жатат. Ошондуктан Москвада Трамптын чечкиндүүлүгүн жана мындай кырдаалды олуттуу карап жатышат. Бул чоң өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн”,- деди Зеленский.

Ошондой эле Украин президентинин айтымында, сүйлөшүү маалында Киев менен Вашингтондун коргонуу тармагындагы кызматташтыгы да каралган.

“Дрондор боюнча келишимдин долбоору Украина тараптан даярдалды. Биз аны майда-чүйдөсүнө чейин талкуулаганга жана кол коюуга даярбыз”,- деп кошумчалады Зеленский.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: