Австрияда жүздөгөн адамдар Израилдин Газадагы геноцидин айыптап, Палестинаны колдошту
Австриянын борбору Вена шаарында жүздөгөн Палестинаны колдогондор жана адам укуктарын коргогондор чогулуп, Израилдин Газа тилкесинде жүргүзүп жаткан геноцидин айыптап нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар Австрия парламентинин имаратынын алдында чогулушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, бул акцияны Австриядагы "Эл аралык мунапыс уюму" (Amnesty International) жана бир нече жарандык коомдук уюмдар уюштурган.
Палестинанын желектерин көтөргөн демонстранттар Австрия өкмөтүн Израилдин кылмыштарына түздөн-түз же кыйыр жол менен шерик болуп жатат деп күнөөлөштү.
Акцияга чыккандар "Газада балдар көмүлүп жатат, алар менен кошо адамгерчилик да көмүлүп жатат", "Балдарды өлтүрүү - коргонуу эмес" жана "Палестинага эркиндик" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушту.
Уюмдун жетекчилеринин бири Шура Хашеми жыйын учурунда сүйлөп жатып, акыркы жумада Газадан коркунучтуу кадрлар келгенин, айрыкча ачарчылыктан каза болгон адамдардын жана балдардын сүрөттөрүн көрүшкөнүн айтып өттү.
"Ачарчылыкты курал катары колдонууга жол бербешибиз керек. Батыш Жээктеги Палестинанын аймактарын тартып алуу да токтошу зарыл",- деди Хашеми.
