super.kg logo

Францияда эстеликтеги өчпөс оттон тамеки күйгүзгөн адамга чара көрүлөт

 

Франциянын борбору Парижде белгисиз жоокерге арналган эстеликтин алдындагы өчпөс оттон тамеки күйгүзгөн адамдын видеосу коомчулукта катуу сынга кабылып, бул окуяга байланыштуу өлкөнүн өкмөтү териштирүү баштаганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Франциянын ардагерлер жана эскерүү иштерине жооптуу министри Патрисия Миралес, социалдык тармактарга тараган видеодон кийин бул адамга карата чара көрүлөрүн билдирген.

"Бул адам табылып, үлгү болуучу жазага тартылат. Франциянын эскерүү салты шылдыңдалууга жол бербейт",- деп жазды Миралес өзүнүн X баракчасына.

Окуя болгон эстелик - Шанз-Элизе проспектинин аягында жайгашкан Триумф аркасынын астында турат. Ал жерде Биринчи дүйнөлүк согушта курман болгон, аты-жөнү белгисиз жоокердин сөөгү коюлган. Бул эстелик бардык согуш шейиттерине арналган.

"Бул от тамеки түтөткөнгө эмес, миллиондогон аскерлерибиздин курмандыгы үчүн күйөт. Бул аракет - тарыхыбызга жана улутубузга болгон орой мамиле",- деди министр.

Le Figaro басылмасынын маалыматына караганда, бул видео 4-августта Парижде жүргөн латвиялык турист тарабынан тартылып, TikTok баракчасына жүктөлгөн.

Видеодо бир киши өчпөс оттон тамекисин күйгүзгөнүн, андан кийин эч нерсе болбогондой басып кеткени көрүнөт.

Франциянын AFP маалымат агенттиги видеонун баштапкы булагын толук аныктай албаганын билдирген.

Бул окуя социалдык медиада кызуу талкуу жаратып, көптөгөн колдонуучулар тарабынан француз элинин баалуулуктарына жана улуттук символдорго шалаакы мамиле жасалды деген сын айтылды.

Француз бийлиги учурда бул адамдын өздүгүн тактап, мыйзам чегинде жоопко тартуу иштерин баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: