Трамп Азербайжан жана Армения лидерлери менен жолугушуу өткөрөт
АКШнын президенти Дональд Трамп 8-августта Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазды.
Басылманын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн жетекчилери тынчтык келишиминин түзүлгөнүн жарыялашы мүмкүн. Буга чейин Армения өкмөтү АКШда тынчтык келишимине кол коюу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айткан.
13-мартта Армениянын Тышкы иштер министрлиги тынчтык келишиминин тексти макулдашылганын билдирип, келишимге кол коюунун орду жана мөөнөтү боюнча талкууга даяр экенин айткан.
Азербайжан тараптан болсо ТИМдин өкүлү Айхан Гаджизаде мындай тынчтык келишими чек арадагы ок атышуулар токтотулганда жана Армения өз Конституциясына аймактык дооматтардан баш тартууну камсыздаган өзгөртүүлөрдү киргизгенде гана мүмкүн болорун белгилеген. Ошондой эле Баку ЕККУнун Минск тобунун жоюлушун талап кылууда.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян буга чейин "регионалдык мүнөздөгү" жаңы Конституция кабыл алуу ниети бар экенин айтып, тынчтык келишими менен катар Минск тобунун таратылышы боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирген.
