Трамптын атайын өкүлү Уиткоффтун учагы Москвага конду
АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф отурган учак Москвадагы Внуково аэропортуна конду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.
Уиткоффту Орусиянын Түз инвестициялар фондунун башчысы жана президенттин чет өлкөлөр менен экономикалык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев тосуп алды.
5-августта Reuters агенттиги өз булагына таянып, Уиткофф шаршемби күнү Москвага келип, Орусиянын жетекчилиги менен жолугарын кабарлаган.
Ушул сапар тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп да билдирип, Уиткофф Москвага Вашингтондун ок атышууну токтотуу боюнча ультиматумунун мөөнөтү аяктоого бир-эки күн калганда бара турганын айткан.
Трамп ошондой эле эгерде Украинадагы жаңжалды жөнгө салууда прогресс болбосо, АКШ жаңы санкцияларды киргизерин эскерткен. Бул Орусияны жана анын эл аралык өнөктөштөрүн, өзгөчө орусиялык энергия ресурстарын сатып алып жаткан өлкөлөрдү да камтышы мүмкүн экенин белгилеген.
